KELECHEK
rek

Ферганада мугалим 10-класстын окуучусун сабап өлтүрүүгө айыпталууда

Ферганада мугалим 10-класстын окуучусун сабап өлтүрүүгө айыпталууда

Ферганалык Дилшод Мадрахимов 10-класста окуган уулу Миржамол Закировду аскерге даярдык сабагынын мугалими сабап өлтүргөнүн билдирди. Маркумдун классташтары Закиров мектепте ур-токмокко алынганын тастыкташты.

Өспүрүм 26-ноябрда каза болгон. Анын атасы баласынын өлүмү үчүн мугалим Мирвохид Мардоновду күнөөлөп, прокуратурага арыз менен кайрылган. Фергана облусунун укук коргоо органдары 10-класстын окуучусунун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүргөнүн айтышты.

Бирок маркум Миржамолдун атасы мектеп жетекчилиги жана жергиликтүү прокуратура ишти “жаап салууга” аракет жасоодо деп эсептейт.

Мектептин директору Сирожиддин Кучкаров маркум классындагы эң мыкты окуган окуучу болгонун эскерди. Ал аскердик даярдык сабагынан берген мугалим конспект толтурбаганы үчүн Закировду урушканын, бирок катуу сабабаганын билдирди.

Бирок Миржамол Закировдун классташтары мугалим ал күнү 10-класстын бир нече окуучусун каарып, сабаганын айтышты. “Катуу соккудан Миржамол бүк түшүп, дем ала албай калган. Кийинки күнү ал сабакка келген жок”, –деди окуучулардын бири.

Миржамолдун атасы Дилшод Мадрахимов ал күнү уулу мектептен өтө жаман абалда келгенин эскерди: – Мугалим баламды төшкө катуу чааптыр. Уулум менден коркуп, эч нерсе айткан эмес. Түштө мектептен келип, эс-учун жоготуп жыгылды. Мен аны дароо райондук ооруканага алып бардым. Даргер уулумдун чекеси эбак муздап калганын, көз жумганын айтты. Беш балам бар эле, төртөө гана калды. Прокуратурага кайрылып, кызыл камчы мугалимди жоопкерчиликке тартууну талап кылдым.

Ал укук коргоо органдарынан баласынын мүрзөсүн ачып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда.

Аскерге даярдык сабагынын мугалими Мирвохид Мардонов мектепте иштөөсүн улантууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...