KELECHEK
rek

Ташкентте ШКУ саммити өтүүдө

Ташкентте ШКУ саммити өтүүдө

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине  Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышууда.

Өзбекстан баш калаасы Ташкент шаарында бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун эки күндүк саммити башталды. Анда аймактык коопсуздук маселеси талкууланып, президенттер 2025-жылга чейин уюмду өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу планы жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча документтерге кол коюшат. ШКУнун 15 жылдык декларациясы кабыл алынат.

Буга чейин байкоочу макамга ээ болгон Индия менен Пакистанды мүчө катары уюмга киргизүү боюнча меморандумга кол коюлары да күтүлүүдө. Эгер маселе оң жагына чечилсе, ШКУнун таасири Түштүк-Чыгыш Азияга чейин жайылат.

Негизинен Ооганстандагы кырдаалга орчундуу көңүл бурулары айтылууда.

Саммитке байланыштуу шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

ШКУ 2001-жылы чек аралардагы коопсуздукту, өз ара ишенимди камсыздоо, соода жана маданий байланыштарды бекемдөө максатында түзүлгөн.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12