KELECHEK
rek

АКШ Сенаты Орусиянын шайлоодогу аракеттери боюнча кеңири баяндамасын жарыялайт

АКШ Сенаты Орусиянын шайлоодогу аракеттери боюнча кеңири баяндамасын жарыялайт

АКШ Сенатынын чалгын комитети Орусиянын Кошмо Штаттардын саясий жашоосуна кийлигишүүсү тууралуу даярдалган эки баяндамасын жарыялайт.

CNN телеканалы кабарлагандай, АКШ Сенатынын чалгын комитетинин маалымат-иликтөө тобу даярдаган баяндамада социалдык медиадагы миллиондогон посттор иликтенген. Аларды Сенаттын иликтөө тобуна "Твиттер", "Фейсбук" жана "Google" компаниялары берген.

Баяндамада Орусиянын “Интернет иликтөө агенттиги” деген уюмдун 2016-жылкы өнөктүк учурунда америкалык шайлоочулар арасында ажырым салууну максат кылган аракеттери кеңири көрсөтүлгөн.

АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоо маалында Орусия курал колдонуу укугу жана иммиграция темаларына басым жасоо менен консервативдик шайлоочулардын көңүлүн Дональд Трампка бурууга аракет кылган. «Америка үнү» радиосу кабарлагандай, ошол эле маалда орус тыңчылары афроамерикалык шайлоочуларды адаштыруу максатында аларга шайлоо жараяны тууралуу түрдүү маалыматтарды жиберип турушкан. Мындан тышкары калктын башка топтору, анын ичинде мусулмандар, латынамерикалыктар жана ардагерлер өздөрүнүн саясий көз карашына ылайык келген же шайлоого барбоого үндөгөн билдирүүлөрдү алышкан. Мындай жол менен Москва америка коомчулугунда «жик салуу жолун» кеңейтүүгө аракет кылган.

"The Washington Post" басылмасы белгилегендей, баяндамада социалдык түйүндөрдүн Орусиянын жалган маалымат жайылтуу өнөктүгүнө каршы жооп чарасы “кечиккени жана координацияланбаганы”, ошондой эле алар Орусиянын өнөктүгү аныкталгандан кийин да тергөөчүлөрдү кошумча маалымат менен камсыздай албаганы сындалган.

АКШ 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүү ишине байланыштуу “Интернет иликтөө агенттигине” айыптарды таккан. Атайын прокурор Роберт Мюллердин тобу президент Трамптын 2016-жылкы шайлоо учурундагы штабынын Орусия менен байланыштары болгон-болбогонун аныктоого аракет кылууда. Трамп өзү шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун билдирип келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...