KELECHEK
rek

АКШ Фетхуллах Гүленди Түркияга өткөрүп берүүнү ойлонууда

АКШ Фетхуллах Гүленди Түркияга өткөрүп берүүнү ойлонууда

Фетхуллах Гүлен

АКШнын президенти Дональд Трамп түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга диниятчы Фетхуллах Гүлен менен анын бир нече тарапташын өткөрүп берүү боюнча кадамдар жасалып жаткандыгын айткан. Гүлен түрк бийлиги тарабынан 2016-жылдын июлунда ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетине айыпталууда.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун Reuters агенттигине билдиргенине караганда, бул тууралуу эки лидер эки жума мурда Аргентинада өткөн «Чоң жыйырма» саммити учурунда жолукканда сөз болгон.

Анкара дээрлик жыйырма жылдан бери АКШда жашап келаткан динаятчы Фетхуллах Гүленди өткөрүп алуу аракетин көрүүдө. АКШ болсо далилдер жетишсиз экендигин айтып, аны экстрадициялоодон баш тартып келет.

Буга чейин Трамп журналист Жамаль Хашоггинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Анкара тараптан Сауд Арабиясына жасалып жаткан басымды азайтуу үчүн Гүленди Түркияга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү караштырбай турганын айткан.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократ Билл Паскрелла Гүленди Түркияга өткөрүп берүү тууралуу ыктымал сүйлөшүүлөр «Трамптын диктаторлорго карата симпатиясы бар экендигин» көрсөтүп турат деп эсептейт. «АКШда жашап туруу укугуна ээ адамдын өлүмүнө сауд монархиясынын тиешеси бар экендигин жымсалдоо боюнча Трамптын аракетинде Гүлен пешка болууга татыксыз», — деп билдирди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...