KELECHEK
rek

"Азаттыктын" Айтматовго арналган сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

"Мен билген Айтматов" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учуру. Бишкек. 6-декабрь, 2018-жыл.

“Азаттык” радиосунун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. "Мен билген Айтматов" аттуу сынактын сыйлыгын тапшыруу аземи 6-декабрда “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болду.

Биринчи орунга Жолдошбай Осмонов, Мирзохалим Каримов, Сүйүнбай Капаров, Ырысбай Абдыраимов, Тилав Расул-заде, 2-орунга Нарынкүл Назаралиева, Кайрат Искендеров, Эркингүл Тургунбекова, Рыскул Касымбеков, Жали Соданбек, Мирсаид Анарбаев, Сакан Сатыбеков, 3-орунга Алимжан Алибеков, Адил Какенов, Мая Осмонкулова, Бурулкан Бакеева, М.Алчикенов чыкты. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктар Меңдибек Асылбеков, Тилекбек Кудайбергенов, Замир Алдаяров, Калыс Кенжебаев, Апилмажун Темиралиев, Абдил-Ахат Курбан уулу, Авазбек Жусупбеков, Турсунали Матазимовго берилди.

Биринчи орунду алгандар букридер (китепти электрондук түрдө окуган жабдык), Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын диски, Ардак баракча алышты. Экинчи орунга Ардак грамота менен букридер, үчүнчү орунга Айтматовдун чыгармаларынын он томдугу, тасмалар диски, Ардак баракча тапшырылды. Кызыктыруучу сыйлык катары "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин "Чындык деп жанган өмүр" китеби жана рюкзак ыйгарылды.

Сынак быйыл июнда жарыяланган. Ага жалпысынан кыргыз жана орус тилиндеги 100дөн ашуун блог, бир нече аудио жана видеолор келген.

Негизинен Айтматовдун бейнесинин белгисиз жактарын баяндаган, анын чыгармаларын, каармандарын жаңыдан ачып берген аңгеме, блогдор көп түштү.

Редакциянын почтасына келген видео, аудио жана айрым тексттерде автордук укукка жана сапатка байланыштуу маселелер болгону үчүн сынактын талабына жооп бербейт деп табылды. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29