KELECHEK
rek

Грузиянын учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы кармалды

Грузиянын учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы кармалды

Гиорги Маргвелашвили

Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тблисиде өлкөнүн учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы Миндия Гогочури кармалганын билдирди. Рустави-2 телеканалы атайын операция маалында тартылган кадрларды көрсөттү.

Мекеменин маалыматына караганда, Миндия Гогочури Размадзе аттуу жаран менен бирге Тбилисинин четинде ижарага алынган батирлердин биринде кармалган. Размадзе адам денесине оор залал келтирүү айыбы менен издөөдө жүргөн.

ИИМден билдиришкендей, Размадзе менен Гогочурини колго түшүрүү маалында алар отурган батирден эки тапанча жана бронежилеттер табылган. Кармалгандар тапанчалардан кутулуу үчүн аларды терезеден сыртка ыргытып жиберишкен.

Маргвелашвилинин күйөө баласына буга чейин Тблисиде эки жолу кол салуу болгон: быйыл июлда ал бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилсе, былтыр ок жеп жарадар болгон.

Мындан тышкары Гогочури маңзатка байланышкан кылмыш ишинин фигуранты болгон. Анда ал бул ИИМ тарабынан өч алуу максатында атайын уюштурулган иш экенин билдирген.

Георги Маргвелашвили – Грузиянын учурдагы президенти. Инаугурациядан кийин өлкө башчылык кызматты ноябрдагы шайлоодо жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ээлейт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53