KELECHEK
rek

Ар-намысы үчүн күрөшкөн кызга мамлекеттик органдар жардам берген жок

Ар-намысы үчүн күрөшкөн кызга мамлекеттик органдар жардам берген жок

Мастона Асо

Бир жылдан ашуун убакыттан бери Хатлон облусунун 21 жаштагы тургуну Мастона Асо ар-намысын калыбына келтирүүгө аракет жасоодо. Ал 2017-жылы турмушка чыккан, бирок үлпөт той өткөндөн кийин күйөөсү “кыздыгың жок деп” Мастонаны үйдөн кууп чыккан.

Анын айтымында, күйөөгө тийгенге чейин абийирин таза сактаганын тастыктаган бир нече медициналык аныктама бар. Мастона жалган жалаа жаап, ур-токмокко алган күйөөсүн жоопкерчиликке тарттырууну көздөөдө:

– Бир жыл ичинде какпаган эшигибиз калган жок. Же прокурор, же сот, же адвокат же аялдар иштери комитетинде иштеген кызматкер биздин маселеге такыр көңүл бурган жок. Акчаң жок болсо, сен киши эмессиң. Меники жөнөкөй маселе эмес. Жалган жалаа жаап, мени үйдөн кууп чыгышты, бирок эч ким муну териштиргиси келбейт.

Кыздын атасы Асомиддин Жалолов бир жыл ичинде 16 мамлекеттик мекемеге кайрылган, бирок алар түгүл укук коргоо уюмдары дагы бул ишке көңүл бурган эмес.

Мастона муну менен майтарылып калбай турганын, келечекте милиционер болорун айтат:

– Атам мен үчүн абдан бушайман болуп жатат жана ар-намысымды калыбына келтирүүгө аракет жасоодо. Ал мени колдоп, университетке тапшырууга да жардам берет деп ишенем.

"Азаттыктын" тажик кызматы Мастонанын окуясын эки ай мурун да жарыялаган. Бул маселе коомчулук арасында кызуу талкууга алынган. Карапайым кишилер кызга жардам берүүгө дилгир. Мастона болсо азырынча жаңы үй-бүлө курууга даяр эмес.

Бийлик өкүлдөрү бул боюнча такыр комментарий бере элек. Аялдар жана үй-бүлө иштери комитети мурда зомбулуктун бардык түрүн айыптай турганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53