KELECHEK

Өзбекстанда арзан ун сатып алуу үчүн кезекте тургандар мушташууда

Өзбекстанда арзан ун сатып алуу үчүн кезекте тургандар мушташууда

Өзбекстандын айрым аймактарында арзан ун сатып алуу үчүн кезекте турган адамдардын ортосунда мушташтар болууда. Күбөлөр мындай учурлар тартылган сүрөттөр менен видеолорду социалдык түйүндөргө жайгаштырышууда.

Быйыл октябрдан тарта Өзбекстанда ун социалдык баада сатыла баштаган.

14-сентябрда өкмөт «Калкты атаандаштыктын жана базар механизмдеринин негизинде буудай, ун жана нан менен ишенимдүү камсыздоо чаралары тууралуу» токтом кабыл алган. Ага ылайык, 15-сентябрдан тарта биринчи сорттогу 1 килограмм буудай унунун дүң баасы 1400 сум (0,16 доллар) деп белгиленген. Учурда социалдык ундун бир кабы 87500 сумдан ($10,5) сатылууда. Анын базардагы баасы 105-110 миң сумду ($12,6-13) түзөт.

Өзбекстанда сентябрдын ортосунан бери бөлкө наны дээрлик эки эсеге — 650 сумдан 1200 сумга чейин ($0,07 - $0,14) кымбаттаган. Буга байланыштуу жарандардын көбү ун сатып алып нан жапканга өткөн.

Азырынча социалдык баадагы унду сатып алууда эч кандай чектөөлөр жок. Бирок өкмөт кийинчерээк чектөөлөрдү жана унга эркин баа киргизүүнү пландап жатканы айтылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев ӨКМ кызматкерлерин сыйлады (ФОТО)

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев ӨКМ кызматкерлерин сыйлады (ФОТО)

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 10-май...

КООМ 2019-05-22  15:54

Дин ишмерлеринин шайлоодо үгүт иштерине катышуусуна тыюу салуу...

Дин ишмерлеринин шайлоодо үгүт иштерине катышуусуна тыюу салуу...

Жогорку Кеңештин тармактык комитети шайлоо мыйзамдарына...

КООМ 2019-05-22  17:11

Анжиянда аз камсыз болгон 25 үй-бүлө жашап жаткан имарат аукционго...

Анжиянда аз камсыз болгон 25 үй-бүлө жашап жаткан имарат аукционго...

Анжиянда кезинде мечит катары курулган имарат аукционго коюлду. Мажбурлап аткартуу бюросунан...

КООМ 2019-05-22  17:53

Алматыда ипотекалык карызы бар жарандар бийликти «насыя мунапысын»...

Алматыда ипотекалык карызы бар жарандар бийликти «насыя мунапысын»...

Алматыда 14 коомдук бирикмеден турган топтун...

КООМ 2019-05-22  17:56

«Ташкент-Балыкчы» поезд каттамы 6-июндан тарта жүрө баштайт

«Ташкент-Балыкчы» поезд каттамы 6-июндан тарта жүрө баштайт

6-июндан тарта сезондук негизде «Ташкент — Бишкек — Балыкчы» каттамы боюнча...

КООМ 2019-05-20  10:41

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл...

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын...

КООМ 2019-05-16  13:11