KELECHEK
rek

Тажикстанда кайнене-келин уруштарынын себептери иликтенди

Тажикстанда кайнене-келин уруштарынын себептери иликтенди

Тажикстандын консервативдүү коомчулугунда келиндерге психологиялык басым көрсөтүү, аларга жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү учурлары бар. Бул тууралуу Тажикстандагы “Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында иш алып барган Alert International эл аралык уюму билдирди.

Долбоордун алкагында 80 үй-бүлөдөгү келиндер менен кайненелердин мамилелери иликтөөгө алынган.

Сурамжылоого катышкан 52 жаштагы Курбангүл Бобиеванын төрт келини бар жана алар менен ынтымакта жашайт. Себеби өзү жаш кезинде кайненеси тарабынан психологиялык жана физикалык зомбулукка кабылган.

Курбангүл Бобиева азыркы келиндер таарынчак келет деп эсептейт:

– Азыркы келиндер кайната-кайненесин жакшы көрбөйт. Алар кайын-журту менен жашагысы келбейт. Алар жетим балдарга турмушка чыгууну каалашат.

«Фародис» көз карандысыз уюмунун жетекчиси Мехринисо Тухтаева кайнене менен келиндердин урушунун түпкү себеби иликтенип, аларды чечүү жолдору белгиленгенин айтты:

– Адатта кайнене үчүн кызы келининен жогору турат. Келиндерди айрым учурда ата-энеси менен учурашканы да жиберишпейт. Биз кайненелерге бул туура эмес экенин түшүндүрдүк. “Эгер бул сенин күйөөң болсо, сабаганга укуктуу” деген түшүнүктү жокко чыгарууга чакырдык.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстан калкынын 57 пайызын аялдар түзөт. Укук коргоо уюмдарынын пикиринде, ар бир үчүнчү аял кайын- журту тарабынан физикалык жана психологиялык кысымга кабылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13