KELECHEK
rek

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

30-ноябрда Эл аралык олимпиадалык комитеттин Токиодо өткөн жыйынында 2020-жылкы Олимп оюндарындагы бокс боюнча мелдештерди «токтото туруу» чечими кабыл алынды.

Мындай чечим бир ай мурда АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесиндеги өзбекстандык ишкер Гафур Рахимовдун Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Маалыматтарга караганда, Эл аралык олимпиадалык комитеттин Аткаруу комитетинин башчысы Ненад Лалович башында турган ревизиялык топ AIBA ишмердүүлүгүн текшерет. Кийинки айда баштала турган иликтөөнүн жыйынтыгы Эл аралык олимпиадалык комитеттин 2019-жылы Лозаннада өтө турган жыйынында каралып, акыркы чечим кабыл алынат.

Көз карандысыз байкоочулардын баамында, мунун жыйынтыгында AIBA Эл аралык олимпиадалык комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылып, бокс олимпиадалык макамынан ажырашы мүмкүн.

АКШнын Юстиция министрлиги Рахимовду «трансулуттук мафияга» тиешеси бар деп айыптап, аны санкциялык тизмеге киргизген. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда Гафур Рахимов өзбек бийлиги тарабынан издөөгө алынган. Учурда анын азыркы бийлик менен мамилеси жакшы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20