KELECHEK

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

Өзбекстанда "PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылуу аземинде сыйлык ээлеринин аты аталды.

"PROlogue-2018" эл аралык кинофестивалында кыргызстандык Акылбек Абдыкалыков "Мыкты актер" наамына татыктуу деп табылды. Ага бул сыйлык Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн берилди.

Күн мурда аталган фестивалдын "Мыкты актриса" номинациясы да кыргызстандык Мадина Талипбекке ыйгарылганы кабарланган.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан "Делбирим" тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан. Фильм Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат.

Кыргызстандагы "Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына да сунуш кылган.

​"PROlogue" — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, төртүнчү ирет өттү. Фестивалдын сайтындагы кабарга караганда, быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма сунушталган. Андан сегиз толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, тогуз улуттук (Өзбекстанда тартылган) кыска фильмдер сынакка өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

«Евровидение-2019» сынагында нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс жеңди

Нидерланд ырчысы Дункан Лоуренс

Тель-Авивде өткөн...

МАДАНИЯТ 2019-05-20  11:27

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз...

МАДАНИЯТ 2019-05-07  16:58

МАДАНИЯТ 2019-04-29  16:32

“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи болду (ФОТО)

“Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи болду (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-апрелде, “Ош – түрк дүйнөсүн маданий...

МАДАНИЯТ 2019-04-21  12:46

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379...

Белгилүү түрк киноактёру Бурак Озчивит Ташкентте олигархтардын...

МАДАНИЯТ 2019-02-22  05:05

Кыргызстандыктар «Ак шоола» сериалынын сюжетине нааразы болушууда

МАДАНИЯТ 2019-02-11  12:46