KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында абактагыларды эркиндикке даярдай турган пробация борбору ачылды (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында абактагыларды эркиндикке даярдай турган пробация борбору ачылды (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү мекемесинде жазаларын өтөп жаткан адамдарды эркиндикке даярдоочу №1 ресоциализация жана пенитенциардык пробация борбору ачылды. Бул борбордо иштеген адистер жаза мөөнөтү аяктарына жарым жыл калган абактагыларды эркиндиктеги жашоого жана коомчулук менен аралашып кетүүсүнө көмөк көрсөтүшөт.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Таалайбек Жапаров, Эл аралык түрмө реформасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Азамат Шамбилов жана абактын жамааты катышты. Борбордун ачылыш аземинде ЖАМКтын башчысы Т. Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнө караганда, 2019-жылы 1-январда Кыргызстанда “Пробация жөнүндөгү” мыйзамдын ишке кирет. Ушул мыйзамдын ишке кирүүсүнө байланыштуу азыркы учурда жергиликтүү бийликтер менен биргеликте жер-жерлерде иш аракеттер жүрүп жатат. Борбордун ачылышына Эл аралык түрмө реформасынын Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөттү.

- Өзүңүздөр билесиздер абактардын шарттары начар. Бир топ адамдар бул жерге келгенде көп кыйынчылыктарга кезигет. Кээ бирөөлөрүнүн документтери, кээ биринин билими, көбүнүн кесиби жок. Көпчүлүгү абактан чыккандан кийин мына ушундай проблемалардан улам үй-бүлөсүн бакканга жумушу жок, анан кайра эле кылмышка аралашып кетишет. Пробация борборунун максаты – адамдын абакта жаткан кезинен баштап, бул жерден чыкканга чейин коомчулукка, граждандык секторго аралашып кетүүсүнө жардам берүү болуп саналат. Абактан чыккандан кийин өзүн жоготпостон, кайра абакка кайтып келбестен, бир кесиптин ээси болуп, ошол жерде өзүнүн үй-бүлөсүн багып кетүүгө, коомчулукка, элге кереги болгон адам болуп чыгуусуна жардам берүү.

Адам камактан чыгуусуна 6 ай калганда пробация борборунда алар менен психологдор иштейт. Азыр борбордо жогорку билимдүү психолог иштеп жатат. Ал психологдук билимди башка мамлекеттен бүтүп келген. Мындан сырткары, алар менен социалдык кызматкерлер, кол өнөрчүлүктү үйрөткөн адаистер иш алып барышат. Документтери жокторго жардам берилип, бул пробация борборунда үйрөнгөн кесиптери менен алар абактан чыккандан кийин коомдон өз ордун таап алууга жакшы шарт түзүлсө, булар абакка кайра кайтып келбейт. Мүмкүнчүдүктөн пайдаланып, Эл аралык түрмө реформасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Азамат Шамбиловго ыраазычылык билдирип кетемин. Өкүлчүлүктүн офиси Бишкекке көчүп келе турган болсо, булардын жардамы менен дагы көп иштерди жасайбыз деген ойдомун, - дейт Т.Жапаров.

Эл аралык түрмө реформасынын Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Азамат Шамбиловдун сөзүнө караганда,  ресоциализация жана пенитенциардык пробация борбору КМШ мамлекеттеринин арасында биринчилерден болуп ачылып жатат. Борбордо тигүүчүлүк цехи жана сүрөткана иштеп, ага жыйырмадай абакта жаткандар тартылды. Мындан тышкары, борбордо бир психолог,  социалдык кызматкер да иштейт.

- Борбордо камактан чыккан адамдар жашоодо өзүн таап кетүүсүнө көмөк көрсөтүү багытындагы аракеттер көрүлөт. Алардын бири – арт-терапия программасы жана кол өнөрчүлүк менен тигүүчүлүккө үйрөтө турган  цехтери бар. Бул борбордо жалпысынан ар кандай 6 кызмат көрсөтүлүп, камактагы адамдар эркиндикке чыгарына 6 ай калганда алар менен психолог жана социалдык адистер иштешип башташат, - деййт А.Шамбилов.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13