KELECHEK

Жапония Тажикстанга төрөттүн санын азайтууга жардам берет

Жапония Тажикстанга төрөттүн санын азайтууга жардам берет

Жапон өкмөтү жакынкы төрт жылда кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн Тажикстанга 20 млн. презерватив жана контрацепциянын башка түрлөрүн жеткирет.

Бул программаны ишке ашыруу үчүн Токио 2,5 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин репродуктивдүү ден соолук борборунун директору Мунира Ганизода билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы Тажикстанга биринчи партия менен 5 млн. презерватив келет:

– Программанын максаты – эне өлүмүн азайтуу жана дени сак балдардын төрөлүшүн камсыздоо. Аялдын организми кийинки баланы көтөрүүгө даяр болушу үчүн төрөт аралыгын үч жылга чейин узартуу керек.

Презервативдер жана башка контрацепция каражаттары жапон өндүрүшүнөн чыккан.

Жакында Дүйнөлүк банк (ДБ) Тажикстанда төрөттү азайтууну сунуштаган. ДБ эксперттери өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук жана миграциянын жогорку деңгээли демографиялык өсүш менен байланыштуу экенин билдиришкен. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги төрөттү алдын ала пландоону жана контрацепция каражаттарын колдонууну сунуштап келет.

Быйыл май айында Тажикстан калкы 9 миллионго жеткен. Учурда республикадагы ар бир аялга төрттөн бала туура келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддагы өрттөн эки киши жабыркады

Жалал-Абаддагы өрттөн эки киши жабыркады

Облустук ооруканадан "Азаттыкка" билдиришкендей, өрт...

ДЕН СООЛУК 2019-05-10  18:19

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды...

Өзбекстанда психиатриалык оорукана дарыгерлери бейтаптарды...

Ташкенттеги психиатриалык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын туугандары клиника...

ДЕН СООЛУК 2019-05-02  14:47

Президент Жээнбеков: Дени сак өлкө, дени сак улут – мамлекеттин...

Президент Жээнбеков: Дени сак өлкө, дени сак улут – мамлекеттин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаардык клиникалык...

ДЕН СООЛУК 2019-04-22  13:07

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды "медициналык туризм"...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы кыргыз-түрк...

ДЕН СООЛУК 2019-04-22  13:44

Тажикстандыктар пара иретинде дарыгерлерге жылына 320 миллион доллар...

Тажикстандыктар пара иретинде дарыгерлерге жылына 320 миллион доллар...

Тажикстанда орто эсеп менен ар бир жашоочу жылына дарыгерлерге 200 сомониден же 22 доллардан пара берет....

ДЕН СООЛУК 2019-04-15  17:24

Казакстандын 11 аймагында бейтаптар өздөрүнө тиешелүү...

Казакстандын 11 аймагында бейтаптар өздөрүнө тиешелүү...

Казакстандын 11 аймагында бейтаптар 4,3 миллиард теңгеге жазылган дары-дармектерди...

ДЕН СООЛУК 2019-04-09  19:48

Казакстанда саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык...

Казакстанда саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык...

Казакстандын саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык каражат...

ДЕН СООЛУК 2019-04-08  14:07