KELECHEK
rek

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы колдоого алган Саломе Зурабишвили менен оппозициялык талапкер Григол Вашадзе катышууда.

28-октябрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында, 25 талапкердин бири дагы 50 пайыздан ашык добуш ала албай, жеңүүчү аныкталган эмес. Анда Зурабишвили добуштардын 38,6 пайызына, Вашадзе 36,7 пайызына ээ болушкан.

Грузин БШКсынын маалыматы боюнча бүгүн эртең мененки саат сегизде өлкөдө 3703, чет өлкөлөрдө 55 шайлоо тилкеси ачылды. Добуш берүүгө 1300 эл аарлык байкоочу, 17 миңге жакын шайлоо субъектилеринин өкүлдөрү жана 48 миңден ашык жергиликтүү байкоочулар көз салышат.

Биринчи айлампадан айырмаланып, экинчисинде 50 пайыздык тосмо жок. Мында атаандашынан көбүрөөк добуш алган талапкер жеңүүчү болот.

Шайланган президенттин инаугурациясы 16-декабрда өтөт. Грузия Конституциясына ылайык, жаңы президенттин ант берүү жана кызматка киришүү салтанаты шайлоодон кийинки үчүнчү жекшембиде өтөт. Учурдагы мамлекет башчы Георгий Маргвелашвилинин ыйгарым укуктары шайланган президенттин инаугурациясынан кийин дароо токтотулат.

Бул мамлекет башчы экинчи айлампада шайланып жаткан өлкө тарыхындагы алгачкы учур. Бул жолу грузин жарандары бешинчи президент үчүн добуш берип жатышат, ал алты жылдык мөөнөткө шайланат. Кийинки мамлекет башчы парламент мүчөлөрү жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган 300 делегат тарабынан дайындалат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24