KELECHEK
rek

Жанарбек Акаев: туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

Жанарбек Акаев: туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, аэропортто, чек арада өз ишин мыкты билген адистерди кызматка коюууга чакырды. Депутаттын айтымында, туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат.

- Бул жерде чек ара, бажы кызматтарынын жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү отурасыздар. Силерге кайрылаарым - чек арада, аэропортко англисче суудай сүйлөгөн адистерди койсоңор. Анан бир аз сылык мамиле кылыш керек. Туристти көргөндө эле 5-10 долларды көргөндөй болбошу керек. Ал үчүн алардын айлыгын көтөрүп, шарт түзүүлсө. Батышка барганда күлүп-жайнап тосуп алышат. Баары аэропорттон башталат, - деди Жанарбек Акаев.

Парламентте айрым өлкөлөргө карата визасыз режим жөнүндө мыйзам талкууланууда. Кыргызстанда алты жыл мурда 45 өнүккөн өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз каттам тартибинин мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзамдын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, визасыз каттам тартибин киргизүү туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууда.

2012-жылы АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алат. Бирок айрым эксперттер "визасыз каттамды террорчулар да колдонушу мүмкүн" деп сындап жүрүшөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12