KELECHEK
rek

Тажик окумуштуулары өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын изилдешүүдө

Тажик окумуштуулары өлкөдөгү мөңгүлөрдүн абалын изилдешүүдө

Тажик окумуштууларынын тобу Варзоб капчыгайындагы бөксө тоолор менен Памирдин бийик чокуларындагы мөңгүлөрдө изилдөө иштерин жүргүзүп келишти. Учурда алынган маалыматтар анализденүүдө. Бул тууралуу 26-ноябрда өлкөнүн Мөңгүлөрдү изилдөө борборунун директору Абдулхамид Каюмов билдирди.

Анын айтымында, экспедиция июндан сентябрга чейин созулуп, окумуштуулар жалпысынан 3300 чакырым аралыкты (3000 чакырымды автоунаа, 3 чакырымды жөө) басып өтүшкөн.

Изилдөө Памирдеги «Орус географиялык коому» деп аталган мөңгүдө олуттуу өзгөрүүлөр бар экенин көрсөткөн. Окумуштуулар аянты 64 чарчы чакырымды, узундугу 24 чакырымды түзгөн Борбордук Памирдеги бул ири мөңгүдө глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин байкоого болорун, бул миңдеген адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилешти.

​«Изилдөө тобу бул мөңгүнүн бетинде чоң көл пайда болгонун аныктады. Анын узундугу 200 метрди түзөт. Бул коркунучтуу, анткени суунун таасири менен мөңгүнүн жарымы ордунан жылып, Абдукаххор деңизинин оозун жаап калышы мүмкүн. Ал жарылып кетсе Вандж аймагынын калкын суу капташы ыктымал. Биз эми мөңгүлөрдүн абалын аралыктагы спутник башкаруусу менен көзөмөлдөп турабыз. Мөңгүлөрдүн көбүнө алардын кыймылын тактык менен көрсөткөн атайын станцияларды орнотуп келдик», — деди Каюмов.

Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн жарымына жакыны Тажикстандын аймагында жайгашкан. Өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8,5 миң чарчы чакырымды түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30