KELECHEK
rek

Курултай делегаттары экс-президент Атамбаевге кылмыш ишин ачтырууга ниеттенишүүдө

Курултай делегаттары экс-президент Атамбаевге кылмыш ишин ачтырууга ниеттенишүүдө

Курултайдын делегаттары мурдагы президент Атамбаевге каршы кылмыш ишин ачтырууга ниеттенишүүдө

Бишкекте өткөн оппозициянын курултайында делегаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата "бийликти узурпациялап, бир колго топтогон" деген терс баа беришти. Бул тууралуу алар кечээ өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.

Курултай катышуучулары иш-чарада кабыл алынган резолюциянын бардык пункттарын аткарууга ниеттенип жатканын айтышты. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу, парламенттен мурдагы мамлекеттик башчыны кол тийбестик укуктан ажыратуу талаптары бар.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековго башкаруунун талкаланган системасы калды деп эсептейт. Ошол эле маалда курултай катышуучулары КСДПнын мураскорунун ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалашты. “Бирок биз Сооронбай Жээнбековдун ажыдаарга айланып кетишине жол бербешибиз керек”, деди Каптагаев.

Басма сөз жыйындын катышуучулары курултай өз максатына жетти деп эсептешет. Экинчи форумду алар 2019-жылдын апрель айында өткөрүүнү пландашууда. Бишкекте 24-ноябрда “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” деген курултай өткөн. Аны саясий-коомдук уюмдар уюштурган.

Курултайдын резолюциясында саясий туткундардын ишин кайра кароо жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгеси да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын ишмердүүлүгүнө терс баа берилген.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12