KELECHEK
rek

Трамп чек арадагы аскерлердин мигранттарга ок атуусуна уруксат берди

Трамп чек арадагы аскерлердин мигранттарга ок атуусуна уруксат берди

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп америка-мексика чек арасындагы аскерлерге зарыл болгон учурларда Борбордук Америкадан келип жаткан мигранттарга карата ок атууга уруксат берди. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди.

Трамп мигранттардын арасында «жүздөгөн кылмышкер» бар экенин жана анда «башка тандоо жок экенин» айтты. Ошол эле учурда президент миганттарга ок атуу зарылдыгы жаралбайт деген үмүтүн билдирип, Мексика менен чек араны биротоло жабуу мүмкүндүгүн дагы четке каккан жок.

Апта башында АКШнын Коргоо министрлиги башаламандык чыкса жана бажы кызматкерлери менен чек арачылардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, мигранттарга каршы курал колдонууга уруксат берген. Америка мыйзамдары тынч убакта армияга полициянын ыйгарым укуктарын берүүгө жол бербейт.

АКШнын түштүк чек ара аймактарына Латын Америка өлкөлөрүнөн келаткан мигранттардын агымы жакындоодо. Алар Кошмо Штаттардан башкалка суроону пландап жатышат. Трамп буга чейин мигранттардын арасында кылмышкерлер да бар экенин айтып, чек арага алты миңге жакын аскер кызматкерин жөнөткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52