KELECHEK
rek

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга чогулду

Кытайда жакындары камалган кыргыз-казак жарандары Алматыда жыйынга чогулду

Кытайда жакындары камалган жарандар бүгүн, 23-ноябрда Казакстандын Алматы шаарында жыйынга чогулушту.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюму уюштурган жыйынга Кыргызстандан онго жакын жаран барган. Ошондой эле Кытайдагы туугандарынын дайынын билбей жаткан ондогон казакстандыктар бар.

Алар батыш мамлекеттеринен, Англия, Германиядан келген журналисттерге маалымат берип жатышат. Эл аралык коомчулукка, кыргыз-казак бийлигине кайрылып, Кытайда камакта отурган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышууда.

Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин, казактардын саны беш жүз миң деп айтылганы менен иш жүзүндө жети жүз миңдей экенин буга чейин “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармалгандарды эске алганда камакка алынгандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери дүйнөлүк маалымат каражаттарында "Кытайда жалаң гана мусулмандар, динчилдер кармалып жатат" деген туура эмес кабар тарап жатат. Буга байланыштуу Кытайда башка улуттардын, диндин өкүлдөрүнө да куугунтук болуп жатканын, бейкүнөө камалып, кыйноого алынып жаткандарды бошотуу зарылдыгына эл аралык маалымат каражаттарынын көңүлүн бурдуруу аракети көрүлүүдө. Батыштык журналисттер да ушул максатта чакырылган.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми казактар 1 миллион 400 миңден ашуун.

Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кабарсыздыгын, камакта жатканын айтып "Азаттыкка" көп кайрылууда. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги расмий жооп бербей жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунан жардам күтүүдө.

Кыргызстандын бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча кандайдыр бир дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек. Буга чейин Казакстан Кытайга нота жолдогон. Коңшу өлкөдө жарандык коомдун тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ондогон казак түрмөдөн чыгып, Казакстанга келген.

​Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12