KELECHEK
rek

БАЛДАРГА ОРОЙ МАМИЛЕ ЖАСАГАНДАР КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

БАЛДАРГА ОРОЙ МАМИЛЕ ЖАСАГАНДАР КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Жалал-Абад шаарындагы балдар бакчаларынын биринде тарбиялануучу наристелерге орой мамиле жасаган тарбиячы жана бала багуучу ээлеген кызмат орундарынан бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматтар боюнча, Жалал-Абад шаарындагы №21 балдар бакчасында тарбиялануучу менен бала багуучу балдарга орой мамиле жасаганы тууралуу видео-тасма социалдык тармактарга таркап кеткен. Ага Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмү дароо реакция жасап, учурда иште кемчилик кетирген тарбиячы Иляз кызы Ширин жана бала багуучу Мубина Дарманбекова ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Ал эми балдар бакчасынын башчысы Оксана Щербинага ушундай кемчиликтерге жол бергени үчүн сөгүш жарыяланды.

- Мындай учур бизде биринчи жолу катталып жатат, мурда мындай факты болгон эмес. Биз билим берүү бөлүмүндө атайын жыйын өткөрүп, иштин жайын талкуулап чыктык жана тийиштүү кызматкерлерге мыйзамга ылайык тартиптик жаза чараларын көрдүк. Азыркы тапта башка бардык балдар бакчаларында мындай көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу боюнча иш-чараларды көрүп жатабыз. Буюрса, эми мындай терс көрүнүш бизде болбойт, - дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев.

Бул терс көрүнүшкө Жалал-Абад шаарынын мэриясы да дароо реакция жасады жана шаардагы бардык балдар бакчаларындагы иштерге мониторинг жасоо боюнча буйрук чыкты.

- Биз атайын буйрук менен бардык балдар бакчаларындагы эмгектенип жаткан кызматкерлердин квалификациясын текшерип чыгуу үчүн комиссия түздүк. Аны шаардын вице-мэри жетектеп, курамы 5 кишиден турат. Максатыбыз мындан ары балдар бакчаларында терс көрүнүштөргө жол бербөө жана тарбиялык иштердин сапатын арттыруу, - дейт шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков.

М. Адылбековдун айтымында, жүз берген терс фактыга укуктук баар берилиши зарыл, ошондуктан да шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан бул боюнча кылмыш иши козголду жана прокуратура органдары тарабынан да текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү кызматкерлерге укуктук баа берилет.    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53