KELECHEK
rek

“Центтерра” Кумтөрдү алууга кытай компаниялары кызыгып жатышканын билдирди

“Центтерра” Кумтөрдү алууга кытай компаниялары кызыгып жатышканын билдирди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө өкмөттүн чакыруусу менен келген “Centerra Gold Inc.” компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Кездешүүдө Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды. Өкмөт башчыга маалымдалгандай, “Centerra Gold Inc.” кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча быйыл Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда, бул болжолдуу көрсөткүчтөрдөн жогору.

“Centerra Gold Inc.” компаниясынын жетекчилиги эки жылдык геологиялык иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыкса, Кумтөр кенин иштетүүнүн мөөнөтүн бир нече жылга узартуу мүмкүн болорун айтты. Скотт Перри премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жыл ичинде эл аралык ишканалар, анын ичинде кытай компаниялары “Centerra Gold Inc.” ишканасына инвестиция салууга же сатып алууга кызыкчылыгын билдиришкен. Бирок азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алтын кен ишканасында экологиялык ченемдерди сактоону жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Канаданын "Centerra Gold Inc" компаниясы Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. "Центеррадагы" акциялардын 26,5 пайызына "Кыргызалтын" акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат. Мурдараак Кумтөрдө 2026-жылы кен түгөнөөрү кабарланган.

Буга чейин айрым ЖМКлар Кумтөр кенинин жумушчуларынын айтканына таянуу менен "Центерранын" жетекчилиги компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн сатуу боюнча Кытайдын "Shadong Gold" (Шандунь Голд) компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү кызуу жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38