KELECHEK
rek

Өзбекстанда аялды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган милиция кызматкери 6,5 жылга соттолду

Өзбекстанда аялды жылаңач чечинүүгө мажбурлаган милиция кызматкери 6,5 жылга соттолду

21-ноябрда Самарканд облустук соту Катакурган шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери Санат Умаровду алты жарым жылга эркинен ажыратты. Ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өтөйт.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, сот 30 жаштагы Умаровду кызмат абалын кыянат пайдалануу, адамды кемсинтүү жана атайылап кылмышты каттоого албоо беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Быйыл 3-июнда Санат Умаров баштаган милиция кызматкерлери Каттакурган шаардык милиция бөлүмүнө базарда акча уурдоого шектелген эки аялды алып барышкан. Андан соң аларды жылаңачтап чечиндирип, уурдалган акчаны издеп, кол көтөрүп, кемсинтишкен. Мунун баары видеого тартылган. Эч нерсе табылбагандан кийин, аялдардын кармалгандыгы тууралуу тиешелүү документтерди толтурбастан эле коё беришкен.

Санат Умаров кармалган аялдарды жылаңач чечинтүү менен аларды кемсинткенин  мойнуна алып, кечирим сураганын билдирген.

Кийинчерээк Каттакурган шаардык акимчилиги жабырлануучу аялдын үйүн оңдоп берген. Ал эки кичинекей баласы менен айылдын четинде жакыр жашаган. Күйөөсү бир нече жыл мурда оорудан улам каза болуп калган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53