KELECHEK
rek

Тажикстанда "Салафия" агымына катышы бар делген жигиттер соттолду

Тажикстанда

Хожент шаарында тыюу салынган “Салафия” тобунун идеаларын пропагандалоого айыпталган жигиттердин тобу соттолду.

Соттолгон сегиз кишинин теңи – студент. Алардын баары Хоженттеги Себзор маалесинен ижарага батир алып, чогуу турушкан.

Соттун маалыматы боюнча базарда араба түртүп иштеген 18 жаштагы Комрон Назмиддинов шериги Абдуназар Назаров менен бирге салафизм идеаларын жайылтып турган. Экөө тең экстремисттик топ түзүүгө айыпталып, катаал режимдеги абакка алты жылга кесилди.

Хожент мамлекеттик университетинин журналистика, укук жана тарых факультетинин төрт студенти – Субхонали Абдуджабборов, Камолджон Ахунов, Саидмурод Давлатов, Хаитбой Шодмонкулов жана ушул эле жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүсү Далерджон Самиев, убакытуу эч жерде иштебеген Гуфрон Неъматов кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына билдирбегени үчүн күнөөлүү деп табылып, жалпы режимдеги колонияга алты айга кесилди.

Маалыматтарга караганда, соттолгондор 18ден 30 жашка чейинки жигиттер.

Тажикстан Жогорку Сотунун чечими менен 2009-жылдан бери өлкөдө “Салафия” агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, ал эми 2014-жылы ал экстремисттик уюм катары таанылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53