Орусияда 19 аялды өлтүргөн милиционер экинчи жолу өмүр бою эркинен ажыратылды
Новосибирск облустук соту мурдагы милиция кызматкери Евгений Чуплинскийди 19 аялды өлтүргөндүгү үчүн экинчи жолу өмүр бою эркинен ажыратты. Ага карата быйыл 6-мартта чыгарылган биринчи өкүмдү Жогорку соттун коллегиясы 11-сентябрда жокко чыгарган.
Коллегия мүчөлөрү айрым кылмыштар 1990-жылдары жасалгандыгын белгилеп, өкүм чыгарууда сот алардын эскирүү мөөнөтүн эске алган эмес деп тапкан.
Тергөө Чуплинский 19 аялды жиликтеп, мыкаачылык менен өлтүргөн деп эсептейт. Болжол менен ал кылмыштарды 1998-2005-жылдар аралыгында, Новосибирск шаарында милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн кезде жасаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча кылмышкер сойкулардын кызматынан пайдаланып, кийин аларды өлтүрүп жүргөн.
Чуплинский пенсияга чыккандан кийин 2016-жылы кармалган. Анда анын күнөөсү заманбап молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында далилденген. Ага чейин далилдер жетишпегендиктен, аны кармоого негиз табылбай келген.
Чуплинский кармалары менен дароо күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаган. Кылмыш болгон жергелерге барып, кимди кандай өлтүргөнүн айтып берген. Психологиялык экспертизадан өткөрүлүп, дарыгерлер аны акыл-эси ордунда деп табышкан.
Бирок былтыр апрелде мурдагы милиция кызматкери кайрадан күнөөсү жок экенин айтып чыккан. Анын туугандары менен жакындары бул иш атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53