KELECHEK
rek

Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө тарыхын изилдөөгө жана аны түшүнүүгө багытталган жаңы долбоорлорду сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчынын бүгүн расмий басылмаларга жарыяланган «Улуу талаанын жети кыры» деп аталган макаласында айтылган.

Макалада мамлекет башчы «өлкө тарыхын өзүнүн көп кырдуулугунда түшүнүп, кабыл алуу керектигин белгилеген. «Биз илимий фактыларга таянуу менен глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз зарыл. Мындан тышкары Казакстандын тарыхы өз-өзүнчө үзүндү катары эмес, заманбап илимдин көз карашында түшүнүктүү болушу керек. Бул үчүн ишенимдүү аргументтер бар», — деп эсептейт өлкө башчы.

Президент жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен «аң-сезимди жаңылоону» сунуштады. Өлкө башчы бул багытта «Архив-2025» деп аталган жети жылдык долбоорду ишке ашырып, «Улуу талаанын улуу адамдары» деген билим берүүчү парк-энциклопедиясын түзүү керектигин айтты. Мындан тышкары макалада 2019-жылы Астанада түрк таануучулардын бүткүл дүйнөлүк конференциясын өткөрүү, Улуу талаанын фольклору менен обондорун популярдаштыруу жана ЖМКлардагы жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен документалдык теледолбоорлордү түзүү каралганы жазылган.

Былтыр апрелде президент «Руханий жаңыруу» деп аталган мамлекеттик программаны жарыялаган. Ал алты багыттан турат: «Туулган жер», Казакстандын ыйык жерлери, заманбап казак маданияты, мыкты 100 китепти казак тилине которуу, Казакстандын 100 жаңы жүзү жана латын арибин киргизүү.

«Руханий жаңыруу» долбоорун 2022-жылга чейин ишке ашыруу үчүн бюджетте 54 миллиард теңге (160 миллион доллардан ашык) каралган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13