KELECHEK
rek

Кытайда кыргыздар жапырт камалуудабы?

Кытайда кыргыздар жапырт камалуудабы?

Кытайдагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланууда. "Эркин Азия" радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен кабарлады.

Кытайда туугандары четинен камалып, расмий Бээжин "тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда отурганын Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар да айтып жүрүшөт. Алар бул жайлар лагерь эмей эле, кармалгандарды кыйнаган түрмө экенин белгилеп жатышат.

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Актоо ооданындагы Кайыз айылында жашаган 1500дөй кыргыздын 300ү камакка алынганын өткөн аптада "Эркин Азия" радиосу кабарлады. Аталган радио кайыздык кыргыз менен байланышканда ал адамдар негизсиз эле жапырт кармалып жатканын айтып берген. Шинжаңда Кытайдагы кыргыз окумуштуулары да кармалганы айтылууда. 17-ноябрда кыргызстандык активист Эдил Байсалов "интеллигенция өкүлдөрү кармалып жатат" деген тизмени "Твиттерге" жарыялады.

Кытайда калган туугандары абакта экенин айтып, Кыргызстандагы кайрылмандар да "Азаттыкка" көп кайрылып жатышат. Алардын бири - беш жыл мурда тарыхый мекенине келип, жарандык алып, учурда Караколдо жашап жаткан Турсунаалы Үсөн. Ал Казакстан кытайлык кыргыздардын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатканын айтып, бирок Кыргызстандын бийлиги аларды "көз жаздымда калтырууда" деп кабатыр.

Кулжадагы Шаты айылынан келгем, - дейт Турсунаалы Үсөн. - Ата-энем, туугандарымдын баары Кытайда. Азыр алар менен кабарлаша албай калдык. Бирок ал жактан кабар алгандардан маалымат угуп атабыз. Ал айылда мурда беш мектеп бар болчу. Уйгур, казак, кытай, кыргыз, монгол тилдеринде эле. Азыр анын баарын жоюп, кытай тилинде гана сабак өтүп калышыптыр. Ата-энемдин жашы 80ге таяп калды. Алар камалган жок. Башка туугандарым бүт камакта. Менден кийинки бир тууган иним бар эле, аны эч жүйөсүз 25 жылга кесишиптир. Булардын эч күнөөсү жок. Тек гана кыргыз, мусулман болгону үчүн азап чегип атышат. Айылыбызда эч ким деле калбаптыр. Куда-сөөктөрдүн баары эле камалыптыр деп уктум. Жашы 70тен ылдый болгондордун баары эле камакта экен. "Тарбия берүүчү лагерь" деп айтылганы менен түрмө эле.

Кыргызстандык бир топ кайрылмандар бийлик тараптан расмий жооп болбой жаткандыктан, жакындарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. Уюмдун активисти, кайрылмандар менен иш алып барган Серикжан Билаш Үрүмчү аркылуу келген кабарларга таянып "Азаттыкка" Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кеткенин билдирди.

Буга чейин Казакстан Шинжаңда казак улутундагы жарандарга жасалган мамилеге байланыштуу Кытайга нота жиберген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52