KELECHEK
rek

Түркмөнстанда жапырт гезит-журналдарга жазылуу өнөктүгү аяктоодо

Түркмөнстанда жапырт гезит-журналдарга жазылуу өнөктүгү аяктоодо

Түркмөнстанда жарым жылга мамлекеттик гезит-журналдарга жазылуу өнөктүгү аяктоодо. Мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер өкмөттүк басылмаларга милдеттүү түрдө катталышы керек.

Катталган соң каражат айлык акы жана стипендиядан кармалат. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бюджеттик мекемелерде иштеген айрым кызматкерлер гезит-журналдарга жазылганын билбей деле калышат. Каражат кармалары тууралуу алдын ала маалымат берилбейт.

Талап боюнча бир киши бир нече гезит-журналга жазылышы керек. Алардын арасында "Түркмөнстан" жана "Бейтарап Түркмөнстан", "Ашхабад" гезиттери бар. Жарым жылга катталуунун баасы 106 манатты (Түркмөнстан Борбордук Банкынын курсу боюнча 30,2 доллар) түзөт.

Учурда өлкөдө 29 гезит жана 34 журнал чыгат, алар негизинен мамлекеттик саясатты пропагандалоо менен алектенет. “Түркмөнстан” эң көп - 59,228 нуска менен чыгат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...