KELECHEK
rek

Түркмөнстанда келгин куштар менен бөкөндөр жапырт атылууда

Түркмөнстанда келгин куштар менен бөкөндөр жапырт атылууда

Сайгактар (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстанда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар тарабынан келгин куштар менен казак талааларындагы сууктан качып барган бөкөндөр массалык түрдө атылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

«Негизинен алар бийликте жана күч түзүмдөрүндө байланыштары бар адамдар. Алар моторлуу 5-6 кайык менен барып, 500-1000ден жапайы канаттууларды атып өлтүрүп жатышат», — деп билдирди Балкан облусундагы аңчылардын бири.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, кийин мыйзамсыз аңчылык кылгандардын олжосун жергиликтүү тургундарга сатылат.

«Азык-түлүк жетишсиз болуп жаткандыктан мыйзамсыз аңчылык кылгандардан куш эттерин сатып алууга туура келүүдө. Алар жарым килограмм, айрым учурларда андан жеңилдерин дагы 40 манаттан үркмөнстандын Борбордук банкынын расмий курсу боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар) сатышат», — деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Укук коргоо органдарынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкерлеринин биринин айтымында, акыркы кездери Түркмөнстан аймагына казак талааларындагы катуу сууктан качып келген бөкөндөрдүн саны дагы көбөйүүдө. «Мыйзамсыз аңчылык кылгандар келгин куштардан тышкары бөкөндөрдү дагы өтө көп санда өлтүрүп жатышат. Жакында эле биз бөкөндөргө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жарандарды кармадык. Үч киши 43 бөкөндү өлтүрүптүр», — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...