KELECHEK

Ноокенде 35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымы жаңыланууда (ФОТО)

Ноокенде 35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымы жаңыланууда (ФОТО)

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому Ноокен районуна караштуу 35 кВ “Избаскент Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымын жаңылап жатат.   

Ишкананын басма сөз кызматынын жетекчиси Жыпариза Уметалиеванын берген маалыматына караганда, АС 70 аба чубалгылар АС 95 аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган электр чубалгылары 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абал катталып, кыска чыңалууларды  жаратып турган.  Мындан улам,  электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтып, кыш айларындагы авариялык өчүүлөрдү кыскаратуу максатында 14 чакырым аба чубалгынын 8 чакырымы жаңыланууда.

Бүгүнкү күндө Избаскент жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистеринен турган 2 бригадалык топ иштеп жатышат, кошумча 3 техника тартылган. Учурда жумуштун 80 пайызы бүткөрүлдү.

“Мындан тышкары 35 кВ “Рахманжан” көмөк чордонунун эски өчүргүчтөрү 5 даана жаңы ВАКУУМдук өчүргүчтөргө алмаштырылды”, - дейт Ж.Уметалиева.                  

                                                                              

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн...

Президент Сооронбай Жээнбеков Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак...

Аймак 2019-02-22  03:31

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653...

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653...

“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен...

Аймак 2019-02-22  04:25

Кербен аэропорту 20 жылдан кийин кайрадан өз ишин баштайт

Кербен аэропорту 20 жылдан кийин кайрадан өз ишин баштайт

"Кербен" аэропорту. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Аксы районундагы...

Аймак 2019-02-19  05:15

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже...

Баткен: Каада-салттагы ашыкча чыгымдарды азайтуу боюнча эреже...

Чыгымдарды азайтуу боюнча эрежелер Кадамжай районунун тургундарынын облустук бийликке жиберген...

Аймак 2019-02-13  06:09

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районуна иш сапары менен барды (ФОТО)

Ыйгарым укуктуу өкүл Ноокен районуна иш сапары менен барды (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек...

Аймак 2019-02-08  07:18

Базар-Коргон айылынын тургундары Президентке жана жогорку бийлик...

Базар-Коргон айылынын тургундары Президентке жана жогорку бийлик...

Базар-Коргон айылынын тургундары Кыргыз Республикасынып Президенты С.Ш.Жээнбековго, КР Коопсуздук...

Аймак 2019-02-08  15:27

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту...

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районунун активи менен жолугушту...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, депутаттар Алмазбек Эргешов...

Аймак 2019-01-25  23:26