KELECHEK
rek

Түндүк Корея жаңы куралын сынаганын маалымдады

Түндүк Корея жаңы куралын сынаганын маалымдады

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын “жаңы жогорку технологиялык тактикалык куралдын” сыноосуна катышты. Бул тууралуу жума күнү түндүк кореялык мамлекеттик маалымат агентиги билдирди. Сыноо ийгиликтүү болгону кабарланууда.

Кеп кайсы курал жөнүндө болуп жатканы так айтылган эмес. Түндүк Корея телеканалы ал өлкөнүн мурдагы лидери Ким Чен Ирдин тушунда эле жасала баштаганын жана армиянын согуштук кубатын арттырарын маалымдады.

Акыркы жолу түндүк кореялык ММКлар Ким Чен Ын куралдарды сыноого былтыр ноябрда катышканын билдиришкен. Анда Түндүк Корея "Хвасон-15" контитент аралык баллистикалык ракетасын коё берген.

12-июнда Сингапурда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пхеньян Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу багытында кызматташууга убада бергени кабарланган. Ага жооп иретинде Вашингтон коопсуздукту камсыздап жана экономикалык санкцияларды жоймок. Түндүк Корея “Хвансон-15” баллистикалык ракетасын сынаган полигонун жабууга да макулдук берген. Бирок бир ай өтпөй эле Пхеньян континент аралык жаңы баллистикалык ракеталарды түзүү планынан баш тартпаганы белгилүү болгон.

Буга чейин америкалык эксперттер Пхеньян 20га жакын ракеталык базаны жашырганын, алардын 13үнүн жайгашкан жери аныкталганын билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52