KELECHEK
rek

Болот Шамшиевдин Айтматов белекке берген автоунаасын өрттөп кетишти

Болот Шамшиевдин Айтматов белекке берген автоунаасын өрттөп кетишти

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин машинесин белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, андан кийин өрттөп жиберишти.

Бул тууралуу маалыматты Шамшиев "Азаттыкка" ырастап, Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө арыз жазганын билдирди.

Анын айтымында, машине 8-ноябрдын кечинде Бишкектеги актер жашаган үйдүн короосунда токтотулган жеринен уурдалган. Шамшиев бул тууралуу милицияга кабарлап, тартип сакчылары машинени Чүйдүн Молдовановка айылында өрттөнгөн абалда табышкан.

Болот Шамшиевдин маалыматына караганда, автоунаадан эч нерсе уурдалган эмес. "Мерседес" үлгүсүндөгү машине 1989-жылы заводдон чыккан. Режиссер аны 1993-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Люксембургда элчи болуп турган кезде алганын, ал анын документтерин даярдоого көмөктөшкөнүн жана аны Кыргызстанга өзү айдап келгенин айтты. Шамшиев белгисиз бирөөлөр машине ага таандык экенин билип туруп, "атайлап уурдашкан" деп эсептейт. Милициядан актердун автоунаасынын уурдалышынын чоо-жайы тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 77 жашта. Ал тарткан "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмалар калың элге кеңири белгилүү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...