KELECHEK
rek

Тажикстан: армияга чакыруу планы аткарылбаган айылдарда электр өчүрүлүүдө

Тажикстан: армияга чакыруу планы аткарылбаган айылдарда электр өчүрүлүүдө

Тажикстандын чыгышындагы Лахш районунун (мурдагы Жергетал) бир катар айылдары армияга чакыруу планын толтурбаганы үчүн электрсиз  калды.

Кушгаба айлынын тургуну билдиргендей, он күн электр кубаты берилген эмес.

– Райондук администрациядан “бир кишини армияга жөнөтмөйүн, жарык болбойт” деп ачык эле айтышты,– деди ал.

Ушундай эле жагдайга Майдонтерак жана Оксой айыларды да кабылды, ал жерлерде да аскер курагындагы уландар жок.

Райондук электр түйүнү Лахш администарция башчысынын жеке тапшырмасы менен Кушгаба айлында электр жарыгы өчүрүлгөнүн тастыктады. “Бул кыштактын тургундары мурда да армияга балдарын жиберүүдөн баш тартышкан. Мындай мамилеге район башчысынын жини келди. Бир жагынан алганда райадминистрация жетекчиси президенттин өкүлү болуп эсептелет, биз анын буйруктарына баш ийишибиз керек”, – деди райондук электр түйүнүнүн кызматкери.

Анын айтымында, учурда электр кубаты калыбына келтирилди, ага карабай айыл тургундары балдарын армияга жөнөткөн жок.

Айыл жашоочулары армия курагындагы уландар жок экенин, алар жогорку окуу жайларда окуп жүрүшкөнүн же Орусияга иштөө үчүн кетишкенин билдиришүүдө. План боюнча Кушагба айылы армияга бир киши жөнөтүшү керек. Кыштакта жүздөй үй-бүлө жашайт.

​Тажикстанда 18ден 27 жашка чейинки эркектер армияга чакырылат. Бул жолу армияга чакыруу өнөктүгү 1-октябрда башталды жана ноябрдын аягына чейин уланат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13