“РусГидро” кыргыз өкмөтүнө соттошуу боюнча кат жөнөтүлгөнүн ырастады
Орусиянын "РусГидро" компаниясы Гаага сотунда "Жогорку Нарын ГЭСтер каскады" долбооруна байланыштуу анын арызын карай турган курам жана соттук иштин графиги аныкталганын расмий маалымдады.
Мекеменин сайтында чыккан билдирүүдө айтылгандай, компаниянын Кыргызстанга каршы даттанган арызына кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 15-апрелинен кечикпей жооп бериши керек болот.
"РусГидро" ошондой эле расмий Бишкектин “соттошуу жөнүндө кабарлоо каты келген эмес” деген билдирүүсүн төгүндөдү. Компания 2018-жылдын 15-январында Кыргызстандын президентинин, премьеринин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү мекемелердин атына иш арбитраждык сотко берилгени тууралуу маалымдама жөнөтүлгөнүн билдирди.
Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азимбакиев Орусиянын "РусГидро" компаниясы Кыргызстанга каршы Гаага сотуна кайрылганы тууралуу Бишкек расмий билдирүү ала элек экенин "Азаттыкка" билдирген эле.
2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны "Интер РАО" ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын "Русгидро" курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53