KELECHEK
rek

Демократтар Мюллердин иликтөөсүн коргоо үчүн мыйзам долбоорун сунуштоого даяр

Демократтар Мюллердин иликтөөсүн коргоо үчүн мыйзам долбоорун сунуштоого даяр

Демократиялык партия 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөнү коргоо боюнча Конгресске мыйзам долбоорун киргизүүнү кароодо.

Бул иштин алкагында атайын прокурор Роберт Мюллер Дональд Трамптын шайлоо штабынын кызматкерлери менен орусиялык чиновниктердин ортосундагы кутумду дагы иликтөөдө.

11-ноябрда CNN телеканалына интервью берген демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумер эгер башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мэттью Уитакер иликтөөнү көзөмөлгө алуудан баш тартпаса, Демократиялык партия “орусиялык кийлигишүүнү” иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелей турганын айтты. “Эгер ал (Уитакер. – Ред.) иликтөөнү көзөмөлдөй берсе, Мюллерге жолтоо болуп, же жумуштан кетирип, конституциялык кризис жаратат, ошондуктан Конгресс бир нерсе кылышы керек”, - деди Шумер.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып, Трамп буга чейин мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкерди дайындаган. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер - Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52