KELECHEK
rek

“Вега” компаниясы менен келишимге кол коюлду

“Вега” компаниясы менен келишимге кол коюлду

Орусиялык “Вега” радиоуктуруу концерни” компаниясынын жетекчисинин орун басары Сергей Калмыков менен Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин басма сөз катчысы Анара Мамытова билдирди.

Макулдашууларга ылайык, компания алгачкы программалык-жабдуу комплекстерин 90 календардык күндүн ичинде коюп бүтүшү керек.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни" утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" ишканасы "“Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган" деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, тендерде утуп алган орусиялык "Вега" компаниясы "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.

1-ноябрда Бишкектин район аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарган. Бул аркылуу сот Орусиялык “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38