KELECHEK
rek

"Центерра Голд" Кыргызстанга эки жылдан бери дивиденд төлөй элек

"Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков парламентте дивиденддин төлөнбөй келгенин "Кумтөр" боюнча жаңы келишимдин шарттары күчүнө кирбей жатканы менен байланыштырды.

Эки тараптын келишиминин негизинде "Центерра Голд" тапкан кирешесинен квартал сайын 3 миллион доллардан, жылына жалпы 12 миллион доллар Кыргызстанга берип турушу керек.

Өткөн аптада кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырган.

“Центерра” компаниясы макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылганын кабарлаган. Өкмөт бул чечимдин чоо-жайы тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин келишимди аткаруу мөөнөтү 2-ноябрга белгиленген. Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык тармакты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.

Бул макулдашууну аткаруу мөөнөтү улам артка жылып келген.

Быйыл 14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Кумтөр боюнча соңку макулдашууда өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38