KELECHEK
rek

АКШнын Орусияга киргизген санкциясы кеңейтилди

АКШнын Орусияга киргизген санкциясы кеңейтилди

Орусия Крымды аннексиялап алып, Донбасстагы чатакка киришкени үчүн АКШ ага киргизилген санкцияны кеңейтти. Американын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, бул ирет "кара тизмеге" үч киши жана тогуз компания кошулду.

Санкциялык тизмеге киргендердин арасында Украинанын эки жараны бар. Алар - Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, учурда өзүн "Луганск элдик республикасы" ("ЛЭР") деп атап алгандардын катарындагы Александр Басов жана атайын кызматтын мурдагы өкүлү Андрей Сушко.

Мындан тышкары, тизмеде Орусиянын Коргоо министрлигинин Ракеталык жана артиллериялык күчтөрүнүн мурдагы командачысы Владимир Зарицкий да бар.

Ошондой эле америкалыктардын пикири боюнча мыйзамсыз мамлекетке өткөрүлүп, сатылган Крымдагы "Мрия" курорту, "Ай-Петри", "Дюлбер", "Мисхор" санаторийлери, "Крым жылуулук электр борбору" акционердик коому, "Гарант-СВ", Инфраструктуралык долбоорлорду башкаруу компаниясы, ишкер Юрий Ковальчук менен "Россия" банкы менен байланышы бар экендиги айтылган "Түштүк долбоор" ишканасы, өзүн "ЛЭРдин Мамлекеттик коопсуздук министрлиги" деп атаган мекеме да тизмеге кирди.

АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер бейшембиде санкциялар Орусиянын инвестиция аркылуу Крымды интеграциялоо аракети жана адам укуктарын бузганы үчүн киргизилип жатканын айтты.

Октябрдын ортосунда Волкер Орусияга каршы санкциялар бир-эки ай сайын жаңыланып тураарын жарыялаган.

Вашингтон Крымдын аннексияланышы үчүн Орусияга алгач 2014-жолу санкция киргизген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52