KELECHEK
rek

БУУ: Тажикстан сойкулук үчүн каралган жазаны жоюушу керек

БУУ: Тажикстан сойкулук үчүн каралган жазаны жоюушу керек

Милициянын рейди учурунда кармалган сойкулар. Архив сүрөт

БУУнун аялдарды кемсинтүүгө каршы комитети тажик бийлигин сойкулук үчүн каралган жазаны жоюуга чакырды. Өлкөдө денесин сатып акча тапкандар айыппул төлөп же 15 суткага камалат.

31-октябрда БУУнун аялдарды басынтууга каршы комитетинин өкүлдөрү тажик делегациясынын баяндамасын угушту. Анда Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон өлкөдө сойкулук үчүн кылмыш жазасы жок экенин белгиледи. «Тажикстанда сойкулук административдик мыйзам бузуу болуп эсептелет. Бирок сутенерлер же сойкуканаларды уюштурган адамдар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган», — деди Рахмон.

Анткен менен БУУ комитеттинин мүчөлөрү Тажикстан сойкулук үчүн жазаны толугу менен жоюушу керектигин билдиришти.

Ал ортодо укук коргоочулар Тажикстанда сойкулук үчүн жаза катаалдатылгандан кийин, денесин сатып акча тапкандардын жашоолору оорлогонун белгилешүүдө. Быйыл июнда аймактык эки укук коргоо уюму тарабынан даярдалган баяндамада сойкулук менен алектенгендерге карата зомбулук көрсөтүү, алардын укуктарын бузуу учурлары көп экени айтылып, мындай аракеттерге көбүнчө укук коргоо кызматкерлери бара турганы жазылган.

Душанбеде канча кыз-келин сойкулук менен алектене тургандыгы так белгисиз. 2015-жылы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд Тажикстанда болжол менен 14 миң аял сойкулук менен алектенерин билдирген. Анда өлкөнүн Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтери бул санды «негизсиз» деп аташкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...