KELECHEK

Кумтөр келишимин кароо мөөнөтү жылды

Кумтөр келишимин кароо мөөнөтү жылды

Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырды. Аткаруу бийлиги азырынча анын себептерин түшүндүрө элек.

“Центерра” компаниясы тараткан маалымат боюнча сөз болуп жаткан макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2019-жылдын 31-январына жылдырылды.

Буга чейин өкмөт келишимди аткарууну 2-ноябрга чейин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Былтыр кол коюлган жаңы келишимге ылайык “Центерра” Кыргызстанга жылдык экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 млн. долларга көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 млн., онкологиялык борборго 10 млн. доллар которууга макул болгон. “Жаратылышты калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп туруу макулдашылган. Өкмөт анын ордуна 2013-жылы "Центеррага" койгон экологиялык 7 млрд. сомго жакын доодон баш тартмак.

Быйыл 14-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон келишимди жакшыртуу керектигин айткан. Ал стратегиялык келишим азырынча күчүнө кире электигин жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна кайра алып келерин убада кылган.

"Центерра" Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Андагы Кыргызстандын үлүшү азыр 26,6 пайызды түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд...

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд...

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:04

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын...

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын...

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери 20-августта Региондорду өнүктүрүү жана...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:10

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго...

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго...

«2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:14

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  19:07

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  19:10

Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)

Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)

Чаткалдагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый...

ЭКОНОМИКА 2019-08-16  02:58

Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады....

ЭКОНОМИКА 2019-08-15  12:37