KELECHEK

Тажикстанда мурдагы аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

Тажикстанда мурдагы аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

Душанбе шаардык соту мурдагы аялын мыкаачылык менен өлтүргөн Тажикстандын жогорку экономикалык сотунун экс-катчысы Бобожон Ширинзоданы 18 жылга эркинен ажыратты.

Анын мурдагы аялы Мохира Ятимова быйыл 6-июнда өлтүрүлгөн. Ширинзода ага эки кичинекей баласынын көзүнчө 13 жолу бычак сайган.

Бобожон Ширинзоданын туугандары Душанбе шаардык сотунун бул чечими менен макул эмес экендиктерин билдирип, жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыктарын билдиришүүдө. Айыпталуучу акыркы сөзүндө кылмышты атайын жасабагандыгын, соттон аялын ачууланып турганда өлтүрүп алганын эске алуусун өтүндү.

Бобожон Ширинзода – Тажикстандын Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы төрага орун басары, генерал Ражабали Шириновдун уулу. Ал кызматынан 2015-жылы кышында, Эмомали Рахмон антикоррупциялык мекеменин ишин сынга алгандан кийин кеткен. Бул кызматка чейин генерал өлкөнүн Салык кызматын көп жылдар бою башкарган.

​Бобожон Ширинзода менен Мохира Ятимова 2007-жылы баш кошуп, эки жыл мурда ажырашып кетишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте Дипломатия университетинин студенти асынып алды

Ташкентте Дипломатия университетинин студенти асынып алды

Ташкент шаарындагы наабайканалардын биринен...

Шымкентте 9 жашар кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шымкентте 9 жашар кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шымкент шаарында 9 жашар кызды зордуктоого шектелген Алматы калаасынын тургуну кармалды. Бул тууралуу...

Иранда кыйраган учак Кыргызстандан эт жүктөп бараткан

Иранда кыйраган учак Кыргызстандан эт жүктөп бараткан

Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу...

Казакстанда браконьерлердин кол салуусунан экоинспектор каза болду

Казакстанда браконьерлердин кол салуусунан экоинспектор каза болду

Караганды облусунда белгисиз адамдар мамлекеттик “Охотзоопром” мекемесинин инспекторлоруна...

Хорогдогу ок атуу иликтенүүдө

Хорогдогу ок атуу иликтенүүдө

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун прокуратурасы жергиликтүү тургунга ок атуу...

Кабулдагы жардыруудан төрт адам мерт болду

Кабулдагы жардыруудан төрт адам мерт болду

14-январь кечинде Кабулдагы жардыруудан кеминде төрт киши мерт болуп, 90дон ашыгы...

Алматыда теракт жасоого даярданган борборазиялыктар кармалды

Алматыда теракт жасоого даярданган борборазиялыктар кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алматыда чабуулдарды жасоого шектелген адамдар кармалганын...