KELECHEK

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

2-ноябрда Казакстанда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат.

"Эл аралык аткезчи топтун мүчөсү болгон" деген шек менен Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо айыпталган жети казакстандык, эки кыргызстандык жарандын ишин Алматы район аралык соту карап жатат. Жараян быйыл 19-октябрда башталды.

Мурдагы депутат сотто кыргыз жараны экенин билдирип, Кыргызстанда соттоону суранганы айтылууда.

Буга чейин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков сотко атайын өкүл бара турганын "Азаттыкка" билдирген.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЕККУ «Апрелдин» жабылышына тынчсыздануусун билдирди

ЕККУ «Апрелдин» жабылышына тынчсыздануусун билдирди

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча...

УКУК 2019-08-16  01:58

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу...

УКУК 2019-08-16  02:42

Кундуз Жолдубаеванын үйү тинтүүгө алынды

Кундуз Жолдубаеванын үйү тинтүүгө алынды

Аскер прокуратурасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз...

УКУК 2019-08-15  12:30

Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Асановго козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат

Курсан Асанов

Аскер прокуратурасы «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган...

УКУК 2019-08-14  10:56

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жабык бекеттерди кайра ачуу сунушталды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жабык бекеттерди кайра ачуу сунушталды

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз-өзбек чек...

УКУК 2019-08-14  12:45

УКМК: Атамбаевди кармоо операциясында желим ок гана колдонулууда

УКМК: Атамбаевди кармоо операциясында желим ок гана колдонулууда

Кой-Таштагы атайын даярдыктагы күчтөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы...

УКУК 2019-08-07  21:13

Атамбаевдин кармалганы айтылууда

Атамбаевдин кармалганы айтылууда

Күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармагандыгы...

УКУК 2019-08-07  21:31