KELECHEK

Жалал-Абадда “Бир айыл-бир өндүрүм!” долбоору иштей баштады

Жалал-Абадда “Бир айыл-бир өндүрүм!” долбоору иштей баштады

Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)тарабынан жүргүзүлүп келген "Бир айыл – бир өндүрүм!” долбоору эми Жалал-Абад облусунда да ишке ашырылат. Бул тууралуу АгроЛид КБнин облустагы менеджери Айбек Абдырахманов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, Дүйнөлүк тамак-аш боюнча коопсуздук стандартынын (ХАСПП) талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун бренди болгон өндүрүмдөрдүн алгачкы тандоосу К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) өткөрүлдү. Алгачкы тандоо иш-чарасына "Бир айыл – бир өндүрүм!” платформасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, аталган платформанын мүчөлөрү, Сузак, Базар-Коргон райондорунан, Жалал-Абад шаарынан айыл-чарба продукциясын өндүрүүчүлөр жана облустун бренди болгон өндүрүмүн илгерилетүүчү чет мамлекеттик шериктештер катышышты.

“Иш-чара убагында бул долбоордун облус аймагында ишке ашырылышынын айрым практикалык маселелери чечилди. Жалал-Абаддын бренди деп эсептелген азыктар эми чет жакка Жалал-Абаддын атайын эн белгиси  аркылуу таркатылып жан сатыкка чыгарылат. Бул иш-чарада Жалал-Абад облусунун бренди эсептелген татыктуу өндүрүмдөрдүн алгачкы партиясын тандоо жүргүзүлүп,  жаңгак жана кургатылган мөмө-жемиштерден жасалган өндүрүм, жаңгак майы, алма, өрүк жана кара өрүктөн жасалган как, кургатылган кара өрүктөн жасалган өндүрүм жана башкалар тандалып алынды”, - дейт өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков.

Бул долбоордун облус аймагында жүргүзүлүшү Жалал-Абад областынын айыл чарба жана кайра иштетүү тармагынын өндүрүмдөрүн ички, тышкы сооданы илгерилетүүдө абдан маанилүү жана келечектүү иш-чаралардан болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд...

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд...

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:04

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын...

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК региондордогу айыл чарбасын...

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери 20-августта Региондорду өнүктүрүү жана...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:10

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго...

2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78 % аймактык долбоорлорго...

«2019-жылы Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактардагы насыялоого жана гарантияларды берүүгө...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  18:14

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Казакстанда пияз, сабиз, картошка, күрүч жана...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  19:07

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан...

ЭКОНОМИКА 2019-08-20  19:10

Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)

Чаткалда алтын фабрикасы ишке кирди (ФОТО)

Чаткалдагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый...

ЭКОНОМИКА 2019-08-16  02:58

Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Кой-Таш окуясы: Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Бишкек мэриясы эки миллион сомдук чыгымга учурады....

ЭКОНОМИКА 2019-08-15  12:37