Назарбаев Сауд Арабияны маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш деп атады
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанада Сауд Арабиянын ички иштер министри менен жолугушуу учурунда Эр-Риядды “ислам дүйнөсүндөгү манилүү жана ишенимдүү өнөктөш” деп атады.
Казак президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Назарбаев министр Абдул-Азиз бин Сауд бин Наифке Астананын Эр-Рияд менен саясий жана экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыктар экенин айткан. Нурсултан Назарбаев король Салманды жана мураскор ханзааданы Казакстанга чакырган.
Жолугушуу учурунда саудиялык оппозициячыл журналист Хашоггинин өлтүрүшү боюнча сөз болгон-болбогону кабарланган жок.
Жамал Хашогги - сауд арабиялык журналист. Ал 2017-жылы АКШга чыгып кетип, мекениндеги бийликти сындап, макалаларды жазып жүргөн. 2-октябрда түркиялык болочок жубайы менен нике куруш үчүн тийиштүү документтерди алганы падышалыктын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирген бойдон кайра чыккан эмес. Хашоггинин өлүмүнө шектүү катары Сауд Арабиясында 18 киши кармалган.
Батыш өлкөлөрү жана АКШ журналисттин өлүмү үчүн Эр-Риядга каршы санкция киргизүү ыктымалдуулугун талкуулашууда. Казакстан бул боюнча расмий билдирүү менен чыккан эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52