KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БАШТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БАШТАЛДЫ

Жалал-Абад шаарында бүгүнтөн баштап борбордук жылуулук берүү тармагына туташтырылган абоненттерге жылуулук берүү башталды. Кечээ шаар мэри Мураталы Тагаев бул тууралуу буйрукка кол коюп, анда тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнөн билдиришти.

Буйрукта менчигине карабастан шаар аймагындагы бардык объекттерде 2018-2019-жылдагы жылытуу мезгили 1-ноябрдан башталганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалына, Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмесине, Жалал-Абад электр тармактар мекемесине, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына тииштүү милдеттер жүктөлдү.

Бардык отканаларда отказандардын, жылуулук берүү тармагынын  талаптагыдай иштеши үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу, айрыкча социалдык мекмелерде, атап айтканда, ооруканаларда жана балдар мекемелеринде, мектептер менен балдар бакчаларында, көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук камсыз кылуунун талаптарын так сактоо милдеттендирилди.

Ошондой эле аба-ырайынын кескин жылып кеткен учурда жылуулук берүүнү убактылуу токтото туруу жагы да көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы шаардагы мекемелер кышка карата даярдыктарды алдын ала көрүшкөн. Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмеси шаардагы 10 көп кабаттуу үйлөрдү борбордук жылуулукка кошуп, зарыл өлчөмдөгү көмүр жана мазутту сатып алган жана кампаларга жайгаштырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАДДА 40 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА 40 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛАТ

Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү Жалал-Абад шаарында сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Анда Курманбек...

КООМ 2019-03-15  05:09

Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

Акыркы эки жумадан бери Тажикстандын көпчүлүк...

КООМ 2019-03-15  05:42

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча мамлекеттер аралык...

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча мамлекеттер аралык...

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп,...

КООМ 2019-03-15  09:09

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы...

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы...

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын...

КООМ 2019-03-14  16:43

Муфтият жума кутпаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду

Муфтият жума кутпаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана...

КООМ 2019-03-12  15:41

Түркмөнстанда президенттик белек катары аялдарга 17 доллардан берилет

Түркмөнстанда президенттик белек катары аялдарга 17 доллардан берилет

Түркмөн мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн...

КООМ 2019-03-07  19:50