KELECHEK
rek

Түркия прокуратурасы: Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп өлтүрүлгөн

Түркия прокуратурасы: Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп өлтүрүлгөн

Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирери менен муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенгенин 31-октябрда билдирди.

Шаршембиде жарыяланган бул алгачкы расмий билдирүүдө кылмышкерлер мурунтан даярдалган план боюнча иштешкени айтылат.

Ошол эле маалда башкы прокурор Фидан журналисттин сөөгү табыла элек экенин кошумчалады. Анкара Эр-Рияддан Хашоггинин сөөгү кайда экенин көрсөтүүнү талап кылып келет.

Түрк бийлиги Сауд Арабиясы менен кызматташууга канааттанган эмес. Билдирүүдө "Чындыкка жетүүгө аракет жасаганыбыз менен бул жолугушуулар конкреттүү жыйынтыктарды берген жок" деп айтылат.

Түркия президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү "күн мурунтан" пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...