KELECHEK
rek

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин карайт

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин карайт

Кыргызстандын Жогорку соту укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча иш 11-июлда карала турганын кабарлады. Маалыматка караганда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кароо чечими абактагы Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын арызынан кийин кабыл алынды.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери быйыл 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган.

Жогорку сот эгерде Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайлар териштирилерин билдирген. Парламенттеги айрым депутаттар муну менен Аскаров бошотулбай турганын, Жогорку сот анын абакта кармалган шартын, процессуалдык мыйзам бузууларды карашы мүмкүндүгүн билдиришкен.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр боюу эркинен ажыратылган.

Аталган окуяда каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53