KELECHEK

Тажик-ооган чек арасындагы кол салуу боюнча иликтөө аяктады

Тажик-ооган чек арасындагы кол салуу боюнча иликтөө аяктады

Тажикстанда Чек ара аскер башкармалыгы тажик-ооган чек арасындагы кол салуу фактысы боюнча кызматтык иликтөөсүн аягына чыгарды.

26-августта Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну "Нива" автоунаасы менен баратканда ок атууга дуушар болгон. Кылмышкерлер аларды миномет жана Калашников пулемету менен аткылашканы кабарланган. Экөө мерт болуп, бирөө жаракат алган.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыктарына караганда, кол салуу “Талибан” кыймылынын жоочулары эмес, маңзат аткезчилеринин белгисиз тобу тарабынан жасалган. Бирок тажик-ооган чек арачылары алардын өздүгүн азырынча тактай элек.

Кол салуудан аман калган токойчу Сафархон Рахимов кылмышкерлерди көрбөгөнүн, бирок алар тажик тараптан ок чыгарышканын билдирген.

“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары билдиргендей, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен Фархор районунун чек ара бөлүгүнүн командири ээлеген кызматынан бошотулду. Маңзат аткезчилери Тажикстан аймагына кирип эле келбей, кол салууга барышканы үчүн кезметтеги офицерлер шалаакылыкка айыпталып, дисциплинардык жаза алышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду

Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик чек ара...

УКУК 2018-11-13  06:22

Актөбөдөгү автобус кырсыгы боюнча сот өкүмү чыкты

Актөбөдөгү автобус кырсыгы боюнча сот өкүмү чыкты

Актөбө шаарында сот 52 өзбек жаранынын...

УКУК 2018-11-10  04:49

Бишкекте ит уурдаган жаран жазаланды

Бишкекте ит уурдаган жаран жазаланды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ит уурдаган жаранды жазага тартып, анын үч...

УКУК 2018-11-08  05:50

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

Алматыда мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту уланат

2-ноябрда Казакстанда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы...

УКУК 2018-11-05  21:16

"Кыргызстан" фракциясы Дамирбек Асылбек уулунун сотуна мониторинг...

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын...

УКУК 2018-11-01  16:58

«Америка үнүнүн» Стамбулда кармалган журналисти бошотулду

«Америка үнүнүн» Стамбулда кармалган журналисти бошотулду

«Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Малик Мансур (Абдумалик...

УКУК 2018-10-31  19:16