KELECHEK

Ташкентте бир үй-бүлөдө төрт бала газга ууланып мерт болду

Ташкентте бир үй-бүлөдө төрт бала газга ууланып мерт болду

Ташкенттин Чиланзар районунда 6дан 22 жашка чейинки төрт бала газга ууланып каза болду.

Ташкент администрациясынан кабарлашкандай, учурда экспертиза жана тергөө иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү ММКлар 30-октябрда беш кишиден турган үй-бүлө Ташкенттеги кафелердин биринде шишкебек жегенин кабарлашкан. Маалыматта "Үйгө келгенде апасы өзүн жаман сезип, балдар болсо уктап калган. Эртең менен үч кызы жана уулу өлүп калган. Аял ооруканага жаткырылган" деп айтылган.

Бирок кийинчерээк өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги трагедияга шишкебек эмес, үйдү жылытуу үчүн колдонулган истүү газ себеп болгонун билдирди.

Өткөн аптада Наманган облусунун Чуст районунда шишкебектен эки киши набыт болуп, алтоо оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган. Ошол эле күнү ондогон киши дарыгерлерге кайрылган. Алар район базарындагы ашканадан шишкебек жеп ууланганы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ферганада эки ишкер 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

Ферганада эки ишкер 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

Фергана облусунда райондук сот автоунаа жуучу жайда жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча кылмыш...

Өзбекстанда «мугалими кемсинткен» окуучу өз жанын кыйды

Өзбекстанда «мугалими кемсинткен» окуучу өз жанын кыйды

Өзбекстандын Бешкент шаарындагы №63 мектептин 8-классынын окуучусу Мирафзал Абдурашидов өз...

Алматы — Ташкент унаа жолунда автобус аткыланды

Алматы — Ташкент унаа жолунда автобус аткыланды

Алматы – Ташкент автожолунда жүргүнчү...

БУУ: Тажикстан сойкулук үчүн каралган жазаны жоюушу керек

БУУ: Тажикстан сойкулук үчүн каралган жазаны жоюушу керек

Милициянын рейди учурунда кармалган сойкулар. Архив сүрөт

БУУнун аялдарды...

Тажикстанда мурдагы аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

Тажикстанда мурдагы аялын өлтүргөн генералдын уулу 18 жылга соттолду

Душанбе шаардык соту мурдагы аялын мыкаачылык менен...

Түркия прокуратурасы: Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп...

Түркия прокуратурасы: Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп...

Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын...