KELECHEK
rek

АКШ чет элдик пропаганда менен күрөшүүгө 40 миллион доллар бөлдү

АКШ чет элдик пропаганда менен күрөшүүгө 40 миллион доллар бөлдү

Кошмо Штаттар чет өлкөлүк пропаганда менен күрөшүү үчүн 40 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Палладино билдирди.

Акчаны Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору алды. Мекеме Орусия, Иран жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн маалыматтык таасиринен коргоо чараларын камсыздоого жооптуу болот.

Кеп жалган маалыматтарды эрте аныктоо технологиялары, чет элдик аудиторияларды иликтөө, жергиликтүү ММКлар жана фейк жаңылыктардын бетин ачкан өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышты өнүктүрүү жөнүндө болуп жатат.

Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору Барак Обама президент болуп турганда түзүлгөн, ал АКШ Мамлекеттик департаментинин түзүмүнө кирет. Башында борбор көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук тобунун пропагандасына каршы күрөшүү менен алектенген. 2017-жылдын башынан тарта уюм Орусия боюнча да иштей баштаган.

АКШда Орусиянын президенттик шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсү иликтенүүдө. Москва айыптоолорду четке кагып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52