KELECHEK

"Кыргызстан" фракциясы Дамирбек Асылбек уулунун сотуна мониторинг жүргүзөт

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын өкүлдөрү Казакстанга барып, мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун сотуна катышып, мониторинг жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна депутат Нурбек Алимбеков билдирди. Анын айтымында, сот 2-ноябрда уланат.

- Бизден да өкүлдү катыштырганга аракет кылып жатабыз, - деди ал. - Казак тараптын “ал биздин жаран” деген версиясы бар да. Ошондуктан азырынча ашыкча сөз айта албайбыз. Сотко бизден өкүлдөр катышат. Ошондон кийин маалымат бере алабыз.

Быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет" деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстандыктар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы болуп жатышат

Казакстандыктар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы болуп жатышат

Казакстандын Түркстан облусундагы Когалы айылынын тургундары жайыт жердин...

УКУК 2019-03-19  02:56

БУУ Казакстанды ЛГБТ коомчулугун укуктарын мыйзамдаштырууга чакырды

БУУ Казакстанды ЛГБТ коомчулугун укуктарын мыйзамдаштырууга чакырды

БУУнун Экономикалык, социалдык жана маданий укуктары боюнча комитети Казакстанга ЛГБТ коомчулугунун...

УКУК 2019-03-18  12:43

Өзбекстанда ишкер “жылаңач” каршылык акциясына чыкты

Өзбекстанда ишкер “жылаңач” каршылык акциясына чыкты

12-мартта Анжиян облусунун Асака шаарында Paynet...

УКУК 2019-03-18  13:27

АКШнын Финансы министрлигинде Орусия боюнча стратегиялык бөлүм...

АКШнын Финансы министрлигинде Орусия боюнча стратегиялык бөлүм...

АКШнын Финансы министрлиги Терроризмге каршы...

УКУК 2019-03-15  05:24

Жалал-Абадда беш айдан бери мэрдин орун басары жок

Жалал-Абадда беш айдан бери мэрдин орун басары жок

Жалал-Абадда өткөн жылдан бери инфраструктуралык курулуш иштеринин көлөмү көбөйдү. Бирок, ал иштерге...

УКУК 2019-03-15  05:29

Өзбекстанда камактагылар менен чогуу иштөөгө мажбурланган абак...

Өзбекстанда камактагылар менен чогуу иштөөгө мажбурланган абак...

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жазаларды аткаруу кызматына таандык...

УКУК 2019-03-15  05:45

АКШ адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады

АКШ адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады

Майк Помпео

АКШнын Мамлекеттик департаменти...

УКУК 2019-03-15  05:50